Коом

Быйыл Маданият министрлигине ЖМКлардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу 77 арыз келип түшкөн

Бул тууралуу маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу “Кабар” агенттигине берген маалымат жыйынында билдирди. 

“Алар түрдүү маанидеги арыздар. Биз сайт же ЖМКны жабуу боюнча чара көрбөйбүз. Эгерде КР жараны же юридикалык жак анын (ред. арыз ээсинин) беделине шек келтирип, туура эмес маалыматты жарыялаган болсо, бизге түшкөн арыздын негизинде 24 сааттын ичинде мониторинг жүргүзөбүз. Бардык документтери туура келсе, Санариптик өнүктүрүү министрлигине эскертүү чечимин жөнөтөбүз. Бүгүн же эртең жаап салуу деген биздин оюбузда жок”, — деди Эсенгул уулу. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button