Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды

Улуу жазуучунун чыгармачылыгы жана жашоосу тууралуу уникалдуу экспозицияларды Владимир Даль атындагы Орус адабияты тарых музейи уюштурду.
Көргөзмө Кыргызстандагы Россия күндөрүнүн (11-12 декабрь) алкагындагы алгачкы иш-чара. Анда жазуучунун уулу Аскар Айтматов, Якутиянын парламентинин депутаты Александр Жирков, Россия адабиятынын тарыхы музейинин өкүлү Павел Крючков сөз сүйлөдү. Крючков бала чагында Чыңгыз Айтматов менен жолугушуусун да эскерди:
“Бир жолу апам экөөбүз “Ак кемени” окуп алып ыйлаганбыз. Ошол эле жылы Москвада Чыңгыз Төрөкулович менен бир иш-чарада болуп калдык. Мен толкунданып кетип, жазуучуга анын чыгармасын окуп ыйлаганымды айтып бердим. Ал апам экөөбүздү сүрдүү карап “Мен атактуу адаммын жана китептерим үчүн жакшы акча алам. Бирок сиздин жана балаңыздын көз жашы — мен үчүн эң баалуу гонорар” деди. Мен гонорар эмне экенин билчү эмесмин, бирок ал жакшы бир нерсе экенин туюп турдум”.



