Ысык-Көлдө жол коопсуздугунун кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат кылууда — ВИДЕО

Аба-ырайынын кескин түрдө өзгөргөнүнө байланыштуу Ысык-Көл облусунун аймагында унаа жолдорунун айрым тилкелери, башкача айтканда Ак-Суу районунун «Каракол-Раздольное» жана «Шахты-Жыргалан», Түп районунун «Түп-Кеген» жана «Михайловка-Николаевка-Токтоян» убактылуу жабылды. Учурда, тийиштүү тейлөө ишканалары тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүп келүүдө.

Сапарда жүргөн айдоочуларга жардам көрсөтүү, тыгындар пайда болгон аймактарда жол кыймылын уюштуруу, ошондой эле кар тазалоочу техникалардын үзгүлтүксүз иштешине көмөктөшүү максатында, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте облус боюнча кызмат өтөшүп келүүдө. Жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн милициянын кошумча күчтөрү тартылып, жолдордо кезмет иштери турмушка ашырылууда.

Жакынкы аралыкта аба ырайынын жакшыруусу күтүлбөгөӊдүктөн жана түнкү мезгил жакындап калганына байланыштуу, Ысык-Көл ОИИБ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү айдоочуларга, айрыкча айдоочулук тажрыйбасы аз жарандарга алыскы сапарларга чыгууну токтотуп туруга сунуштайт. Ал эми сапарда болгон айдоочуларга болсо, ылдамдыкты жана унаалардын ортосундагы аралыкты сактоого өзгөчө көңүл буруу керектигин эскертишет.
Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы жол кыймылынын бардык катышуучуларын жолдордо кароосуз калган автотранспортторду аныкталган бардык фактыларын, анын ичинде жол кырсыктарынын белгиси болсо, нөөмөт бөлүгүнө (03922) 5-45-05, 5-45-50 же 102 байланыш телефондору аркылуу, же жакынкы милиция постуна кабарлап коюуну өтүнөт.



