Коом

Ош ОИИБи: Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдыгына арналган иш-чараларда коомдук коопсуздук жогорку деңгээлде камсыздалууда

Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 12-сентябрь күнү Алай районунда кыргыз элинин улуу тарыхый инсаны Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдыгына арналган маданий, спорттук иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Бул маанилүү дата улуттук тарыхыбыздын баалуулуктарын сактап, ата-бабалардын мурасын урпактарга жеткирүүдө өзгөчө орунга ээ.

Аталган иш-чарага чет өлкөлөрдөн жана биздин өлкөнүн бардык аймактарынан келишкен меймандар, жергиликтүү тургундар катышууда.

Мындай ири иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти камсыз кылуу жана жарандардын коопсуздугун сактоо биринчи кезектеги маселе болуп саналат. Ошондуктан Алай жергесинде өтүп жаткан майрамдык иш-чаралардын тынч өтүшү үчүн Ош облустук ички иштер башкармалыгы менен анын аймактык бөлүктөрү тарабынан алдын алуу жана коопсуздук чаралары көрүлдү.

Коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга   2000ден ашуун милиция кызматкери тартылып, алар  иш-чара өтүп жаткан аймактарда жана жолдордо тынымсыз кызмат өтөшүүдө. 

Ош ОИИБи жарандарды коомдук тартипти сактоодо милиция кызматкерлери менен кызматташууга, ар кандай жагдайларда мыйзамга баш ийүүгө жана тазалыкка көңүл бурууга  чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button