Коом

Айыл чарбасын өнүктүрүүгө 40 млн акш доллары каралат

Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.Бакетаев менен Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Чжэн Ву “ Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү” долбоору боюнча эки тараптуу кредиттик жана гранттык макулдашууга кол коюшту.

Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Аталган долбоорго Азия өнүктүрүү банкы тарабынан жалпы суммасы 40,0 млн АКШ доллары каржыланат. Анын ичинен грант түрүндө 20,0 млн АКШ долларын түзөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.Бакетаев, бүгүнкү күндө каржы системасынын ресурстарын мобилизациялоо боюнча чараларды стимулдаштыруу жана айыл чарба тармагын колдоо максатында республикалык бюджеттен 17,0 млрд сом «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоору боюнча каралган, деп баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте багбанчылыкта кошумча нарк чынжырынын катышуучуларын колдоо боюнча долбоорду иштеп чыккан.

Долбоордун максаты — катышуучу каржы институттары аркылуу нарк чынжырынын катышуучуларына насыя берүү.

Анын ичинен 3 миллиард сомдон ашууну (36 миллион АКШ доллары) тандалган кошумча нарк чынжырчасынын катышуучуларына жеңилдетилген кредиттерди берүүгө каралган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button