Коом

УКМК: Нарын облусундагы соода жана оюн-зоок комплекстеринин ижара акылары арзандатылды

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын УКМКсы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык реформасын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүнү улантууда, Нарын облусунун ири соода-базар комплекстеринин ээлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында соода жайларынын ижара акысын 20 пайыздан 50 пайызга чейин  төмөндөтүү макулдашылды.

Тактап айтканда, соодагерлер үчүн ижара баасын төмөндөтүү чечими Нарын облусундагы төмөнкү соода-базар комплекстеринин администрациялары тарабынан кабыл алынды:

— “Абдырай-Ата” СБКсы (Нарын шаарындагы ун базары), Р.Ашымжановага катталган;

— “Береке” СБКсы (Нарын шаарындагы бут кийим базары), А.Медербековго катталган;

— “Он-Арча” СБКсы (“Мукаш-Ата” ЖЧКсы, Нарын шаары), О.Акбагышевага катталган;

— “Мегакомфорт” СБКсы (Нарын ш.), Ч.Асановага катталган;

— “Эки-Нарын” СБКсы (Нарын), А.Адучуевага катталган;

— “Чойбек-Ата” СБКсы (Нарын), Ж.Диканбаевага катталган;

— “Чолук-Ата” СБКсы (Нарын ш.), Ж.Тентимишовго катталган;

— “Өсей-Ата” СБКсы (курулуш материалдары, Нарын ш.), Т.Женчороевге катталган;

— “Чолпон” СБКсы (Нарын), К.Нааматовага катталган;

— “Теңир-Тоо” СБКсы (Нарын), Н.Данияровага катталган;

— Жеке ишкер “Бейшенбеков Болот” кийим-кече базары (Кочкор районунун борбору),  Б.Бейшенбековго катталган;

— “Алтын-Ордо” соода борбору (Кочкор районунун борбору), ээси М.Асакеев;

— Жеке ишкер “Ибраев Каныбек” кийим базары (Кочкор районунун борбору), К.Ибраевге катталган;

— Жеке ишкер “Жанузаков Сагынбек” кийим-кече базары (Кочкор районунун борбору), С.Жанузаковдун наамына катталган;

— “Дордой” мал базары (Ат-Башы айылы, Ат-Башы району), тең негиздөөчүсү Н.Жоломанов;

— “Береке” СБКсы (Ат-Башы районунун Ат-Башы айылы), Ж.Айтбаевге катталган;

— “Ак-Жолтой” СБКсы (Ат-Башы районунун Ат-Башы айылы), директору Н.Мамажанов;

— Жеке ишкер “Оторбаева Сатынбүбү” (Жумгал районунун Куйручук айылындагы мал базары), директору Б.Турумбеков;

— “Керек-Жарак” СБКсы (Баетов айылы, Ак-Таалы району), ээси Б.Сагындыкова жана башкалар.

Ошону менен бирге, Нарын облусундагы соода-базар комплекстеринин ээлери базарлардын инфраструктурасын жакшыртуу менен бирге, базарларда соода кылган карапайым ишкерлерге тиешелүү шарттарды түзүп, алардын каржылык жүгүн жеңилдетүү максатында контролдук-кассалык машиналар (ККМ) менен акысыз камсыз кылышат (Нарын облусунда 2383 ККМ катталган, патенттин негизинде 894 ишкер ишин улантууда)

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button