Коом

«Мээрим өкүм сүргөн жерде, ырайымсыздыкка орун жок»

Ушундай теманын алкагында Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекциясынын нспекторлору жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү балдарга ырайымсыз мамиле жасоо фактыларынын алдын алууга багытталган семинарды өткөрүштү.

Семинарга Балыкчы шаарындагы Ч.Айматов атындагы орто мектебинин жогорку класстын окуучулары жана алардын ата-энелери катышышты.

Семинардын катышуучулары талкуулаган негизги маселе – бул үй-бүлөдөгү балдарга карата зордук-зомбулуктар болду. Бала үчүн эң коопсуз болгон жер — үй-бүлөө болуп саналары жалпыга маалым. Бирок үй-бүлөдө да балдарга зомбулук көрсөткөн фактылар жок эмес.

Семинардын уюштуруучулары катаал мамиле уруп-сабоо менен эле чектелбейт деп түшүндүрүштү. Мазактоо, кемсинтүү, кемсинтүүчү салыштыруу жана негизсиз сын-пикирлер да баланын шагын сындырышы мүмкүн. Ошондуктан балага карата орун алган зордук-зомбулук, анын физикалык же психикалык калыптанышына тоскоол болгон, ден соолугуна жана өнүгүүсүнө коркунуч келтирген ар кандай себептер катары аныкталат.

Семинардын соңунда эң активдүү ата-энелерге Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаевдин атынан ыраазычылык баракчалары, ал эми балдарга болсо, келе жаткан жаңы жыл майрамынын урматына карата таттуулар тапшырылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button