Коом

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган жаран кармалды, ал мурда милиция кызматкерлерине кол салган — ФОТО

Бул тууралуу Ысык-Көл ООИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматта айтылгандай, Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык кармаган жергиликтүү тургун кармалды, ал буга чейин бир катар жарандар менен бирге браконьерлике каршы жүргүзүлгөн рейд учурунда милиция кызматкерлерине кол салууга катышкан.

19-декабрь күнү Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан көл жээгинен Түп айылынын 31 жаштагы тургуну Б.Т.нын башкаруусундагы «Нива» үлгүсүндөгү унаасын токтотулган. Унааны текшерген учурда, 116 даана «Сиг-Лудога» балыктары жана 1 резина кайык табылып, далил зат катары алынган.

Аталган факт Түп РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Буга чейин кармалган Б.Т. Түп районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде козголгон кылмыш иши боюнча жашаган жеринен эч жакка чыкпоо тил катында болчу.

Эскерте кетсек, 17-ноябрь күнү Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын алкагында Түп айылынын жанындагы көл жээгинде мыйзамсыз балык уулоо учурунда жергиликтүү эки тургун кармалган. Далил зат катары алардан 2 үйлөтмө кайык жана 7 даана балык уулоочу торлор алынган, ошондой эле окуя болгон жерге Түп РИИБдин тергөө-ыкчам тобу чакырылган болчу.

Түп РИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя орун алган жерге баратканда, алардын жолун 5-6 унаа торошуп, унаалардан 10дон ашык чыккан жарандар, анын ичинде кармалган Б.Т. дагы милиция кызматкерлерине өздөрүнүн мыйзамдуу милдеттерин аткарууга тоскоолдук көрсөтүшкөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button