Коом
Айыл чарба министри: өлкөнүн азык-түлүк рыногунда абал туруктуу

Кыргызстандын ички агро азык-түлүк рыногунда абал туруктуу. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков министрликтин 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.
Анын айтымына караганда, быйыл азык-түлүк коопсуздугу негизги социалдык маанидеги 5 азыктын түрү (сүт, эт, картошка, жашылча, кум шекер) менен камсыз болду.
«Калган азыктардын 4 түрү (ун, өсүмдүк майы, жумуртка, жемиштер) менен камсыздоо импорттук ташып келүүлөр менен камсыздалды», — деди министр.
Жаныбековдун маалыматында, жыйынтыгында республиканын ички агро азык-түлүк рыногунда туруктуу абал сакталды.
«Өзгөчө кырдаалдар, азык-түлүктөргө ажиотаждык керектөөлөр, тамак-аш азыктарынын бааларынын кескин өсүүсү жаралган жок», — деп баса белгиледи ал.



