Коом
Быйыл өлкөдө акыркы коңгуроо салтанаты 29-майда өтөт

Бул тууралуу Агартуу министрлиги эске салды.
Ведомствонун маалыматында аземге карата бүтүрүүчүлөрдөн жана ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынганы айтылат. Ошондой эле мектептен тышкары кошумча иш-чараларды уюштурууга, фейерверк, жарылуучу же кооптуу техникалык каражаттарды колдонууга уруксат берилбейт.
Адатта акыркы коңгуроо 25-майда белгиленет, бирок бул жолу жазгы каникулдар узартылгандыктан жылды.



