Коом
Нарында Улуу Ата Мекендик согуштун 100 жаштагы ардагери Тукеш Токтомушев көз жумду

Ал 1942-жылы 17 жашында майданга аттанып, бир жылдан кийин жаракат алып кайтып келген. 1944-жылы кан күйгөн жерге кайра чакыртылып, Ыраакы Чыгыш фронтунда кызмат өтөгөн.
Согуштан кийин Ак-Талаа, Ат-Башы райондорунун автобазаларын жетектеген.
Лениндин 100 жылдыгына арналган юбилейлик медаль, Улуу Ата Мекендик согуштун 60 жылдыгына карата Г.К.Жуков атындагы медаль менен сыйланган.
@abal-kg



