Ош облусунун аймагында айдоочуларга жаңы кабыл алынган кодексттер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош облусунун аймагында айдоочуларга 2021-жылдын 1-декабрынан күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодекси боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ош ОИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлери жана Автомобил, суу транспортунун жана салмак-тышкаркы өлчөмдү көзөмөлдөө агенттигинин кызматкерлери менен биргеликте, Ош облусунун аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, айрыкча жүргүнчү жана жүк ташуучу автоунаалардын катышуусундагы жол кырсыктарын болтурбоо, алдын алуу багытында айдоочулар арасында түшүндүрүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
Иш-чаранын негизги максаты: жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаанын айдоочулардын жоопкерчилиги, оор жүк ташыган айдоочулардын ашыкча салмактагы жүк ташуу кооптуу жагдайды жаратарын, ошондуктан жол кыймылынын эрежелерин так сактоо жоопкерчилигин эске салуу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу. Мындай иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлүп турмакчы.
Ош ОИИБдин басма сөз кызматы



