Коом

Салык кызматы бүгүн 10 батир, 11 электромобиль жана чет өлкөгө 4 жолдомо ойнотот

Мамлекеттик салык кызматы 30-декабрда “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабынын башкы байгелерин ойнотот.

Салык кызматынан билдиришкендей, бүгүн 10 батирдин, 11 электромобилдин жана чет өлкөгө 4 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталат.

Утуштар УТРК жана Ала-Тоо24 каналдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде өтөт. Башталышы 15:00дө.

Эскерте кетсек, 25-29-декабрда 1 миң 219 баалуу байге ойнотулду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button