Коом
Ош мэриясы Райымбек Матраимовдун үйүнүн тосмосун бузууда

Бүгүн, 8-январда Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарыРайымбек Матраимовдун Оштогу Супаналиев көчөсүндөгү үйүнүн тосмосун бузуп жатат.
Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Максатбек Орозалиевдин айтымында, Матраимовдун үйүнүн тосмосунун 9 метри муниципалдык жерге тиешелүү.
Калаа бийлиги короону курчаган дубалды алуу тууралуу былтыр декабрдын аягында эскертүү берген. Мурдагы бажычынын үйүнөн эч ким комментарий берген эмес.



