Маданият

Элмирбек Иманалиевди эскерүү концерти өтөт

«Айтыш» коомдук фонду күйөрмандарды КРдин эл артисти Элмирбек Иманалиевди эскерүү концертине чакырды.

Иш-чара акындын туулган күнүндө — 17-январда саат 18:00дө Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болот.

Анда Иманалиев түптөп кеткен «Төкмө келсе төр бошот» долбоорунун алкагында концерт тартууланмакчы.

Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. Ал көп кырдуу талант эле. Төкмө акын, жазма акын, обончу, аткаруучу, дастанчы, манасчы болгон. 2020-жылы 20-апрелде оорудан улам 42 жашында көз жумган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button