Коом

Түргөн капчыгайында оор жаракат алган турист куткарылды

Бул тууралуу Ысык—Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан  билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 12-август күнү Ак-Суу РИИБге Казакстандан келген турист, 68 жаштагы Болат Молдабеков Тургөн капчыгайынын тоолуу аймагында саякаттап жүрүп, оор жаракат алганы тууралуу билдирүү түшкөн. Туристтин кулашынын натыйжасында буту сынып, анын өз алдынча кыймылдашы мүмкүн болбой калган.

Маалымат түшкөндөн кийин дароо куткаруу операциясы уюштурулган. Милиция кызматкерлери аймактык Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте ыкчам түрдө куткаруу тобун түзүп, окуя болгон жерге жөнөшкөн.

Куткаруу операциясы ийгиликтүү өттү. Туристти ат менен тоодон аман-эсен түшүрүп, автомашиналар жете турган жерге жеткиришти. Андан соң, жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилип, медициналык кызматкерлерге өткөрүлүп берилген.

Болат Молдабеков милициянын жана куткаруучулардын ырааттуу ишинин аркасында тез арада ооруканага жеткирилген. Учурда анын абалы туруктуу деп бааланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button