Коом

Эмил Жамгырчиев Өзбекстандык Салим Абдувалиевден жардам сурады

 Депутат Салим байбачадан колдоо издөө маскатында жашыруун жолугушуу үчүн чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Ташкентке барган. 

Кайра 16-декабрда мыйзамсыз жол менен Бишкекке кайтып келген. Бирок Жамгырчиев Абдувалиевден спорт тармагына жардам беришин сурап кайрылганын айткан. 

Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. 

Ал коңшу өлкөнүн кримтөбөлүнө 10 барактан турган кат жазып жөнөткөнүн айтты. 

“Салимбай ака, сизди Орто Азияда баары сыйлайт. Кыргызстанда башаламандык болуп кетти, жогорку кызмат адамдарын тартипке салып бериңиз” деп жардам сураганын айтты. 

Ташиев ошого карабай Жамгырчиевди камабай турганын, чек арадан мыйзамсыз өткөнү боюнча гана тергелерин белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button