Коом
Таласта 100 үй-бүлөгө бекер кумшекер таратылды

Талас районунда аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө 1 тонна бекер кумшекер таратылды. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жардам турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоо максатында көрсөтүлгөн.
Мэриядан Альянс Алтын өнүктүрүү фонду каржылык колдоо көрсөткөндүгүн кошумчалашты.



