Коом

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Navi Taxi`ге айып салды

Монополияга каршы органга маалыматты өз убагында жана толук бербегендиги үчүн Navi Taxi`ге 13 миң сом айып пул салынды, деп билдирет Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы.

Маалыматка ылайык, такси кызматынын рыногуна талдоо жүргүзүү максатында, КРнын «Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамынын 14, 15-беренелердин негизинде кызмат «Алабель АНБМ» ЖЧКсынан (Navi Taxi) 2020-2022-жылдарга карата керектүү маалыматтарды сураган.

«Алабель АНБМ» ЖЧКсы суралган маалыматты өз убагында жана толук көлөмдө берген эмес.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button