Депутат: Бизди уктатканды токтоткула!

Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитети бүгүн Кыргыз Республикасынын 2023-жылга бюджетинин аткарылышын карады.
Депутат Аманкан Кенжебаев алтын кендердин ишмердүүлүгүндө абдан көп мыйзам бузуулар болуп жатканын айтып, Эсептөө палатасынан эмнеге бул ачыкка чыкпай жатканын сурады.
Эсептөө палатасынын аудитору Вадим Садовников мындай суроолорго эмес, мамлекеттик бюджеттин аткарылышы боюнча суроолорго жооп берүүгө даярданганын билдирди.
Бул депутаттын нааразычылыгын жаратты. Ал Эсептөө палатасынын өкүлдөрү жыйынга суроолорго жооп берүү үчүн келгенин, эгерде аудиторлор жооп бере албаса, төраганы чакыруу керектигин белгиледи. «Анда эмнеге келдиңер? Мында отургандар бардык суроого жооп бериши керек, кызык экенсиз», — деди ал.
Вадим Садовников ага бардык маалыматты жыйындан кийин берээрин айтты эле, депутат: «Токтоткула! Урматтуу депутат, сиз абдан туура маселе көтөрдүңүз, кийинчерээк маалымат беребиз дегенди токтоткула! Бул жакка келгенден кийин суроолорго так жооп бергиле. Бизди уктатканды токтоткула. Эмнеге алдап жатасыңар», — деди.



