Коом

Кыргызстанда агрохолдинг алкагында малдын санын 10 миң башка чейин көбөйтүү пландалууда

Бул этти базарга ортомчуларсыз түз жеткирип, баанын өсүшүн ооздуктоо максатын көздөйт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Эрлист Акунбеков парламенттин комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, биринчи этапта этти социалдык баада сатуу үчүн фуд-карлар ачылган. Азыр министрлер кабинети экинчи этапта — өндүрүүчү менен акыркы керектөөчүнүн ортосундагы ортомчулардын санын азайтуу боюнча иш алып барууда.

«Базарда малдын баасы анчалык жогору эмес, бирок эт базарда кымбат. Ушул чынжырдагы ортомчуларды аныктоого аракет кылып жатабыз», — деди министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.

Ал эт рыногуна интервенция жүргүзүү үчүн агрохолдингдин алкагында өзүнүн мал чарбасы түзүлүп жатканын билдирди.

«Азыр ал жерде 600 баш мал бар. Жакында ишти баштайбыз. Максат — малдын санын 10 миң башка жеткирүү жана керектүү имараттарды куруу», — деди Эрлист Акунбеков.

Анын айтымында, бул долбоор ишке ашса, этти ортомчуларсыз түздөн-түз базарга жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Министрлер кабинетинде мындай механизм эттин баасына таасир этүүгө жана аны калкка кыйла жеткиликтүү баада сатууга шарт түзөт деп күтүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button