Коом

Кыргызстандын түрмөлөрүндө жалпысынан 5854 адам бар

Азыркы күндө Кыргызстандын түрмөлөрүндө жана тергөө изоляторлорунда жалпысынан 5854 адам бар. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Сарчаев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жалпы соттолгондордун 60%ы эмгек ишмердүүлүгүнө жарамдуу. Жаза аткаруу кызматынын 9 мекемесинде кармалып тургандардын ичинен 3800дөй соттолгон адам ишке тартылган.

«1200гө жакын адам ишке тартылбайт. Булар — майыптыгы бар адамдар, 65 жаштан жогоркулар жана жашы жете элек өспүрүмдөр», — деди Сарчаев.

Тектеш кабарлар

Back to top button