Көк бөрү боюнча финалдык мелдештерге билеттер үчүн акчаны кайтаруу 20-сентябрга чейин жүргүзүлөт

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык мелдештерге алынган, бирок пайдаланылбай калган билеттер үчүн акча кайтарууга арыздар 2026-жылдын 20-сентябрына чейин кабыл алынат. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Улуттук электрондук билет системасы (УЭБС) аркылуу финалдык мелдештерге жалпысынан 7 миң билет сатылган. Алардын ичинен 4 миң 409 билет валидациядан өткөн, ал эми 2 миң 591 билет валидациядан өткөн эмес.
Билеттерди пайдалана албай калган жарандар акча кайтаруу боюнча арызын [email protected] электрондук дарегине жөнөтө алышат.
Арызда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүшү керек:
- арыз ээсинин аты-жөнү;
- байланыш телефону;
- буйрутманын же билеттин номери;
- билет эмне себептен пайдаланылбай калгандыгы тууралуу маалымат.
Ошондой эле арызга электрондук билет жана төлөмдү ырастаган документ: чек, квитанция, электрондук төлөмдүн ырастамасы же башка тиешелүү документ тиркелиши зарыл.
Ар бир арыз өзүнчө каралат. Текшерүү учурунда билеттин УЭБС аркылуу сатылып алынганы, анын статусу, валидациядан өткөн-өтпөгөнү, төлөм тууралуу маалыматтар жана арызда көрсөтүлгөн жагдайлар аныкталат. Зарыл болгон учурда кошумча документтер же маалыматтар талап кылынышы мүмкүн.
УЭБСте билеттин валидациядан өтпөй калышы эле акчаны автоматтык түрдө кайтарып берүүгө негиз болбой турганы белгиленди. Акчаны кайтаруу тууралуу чечим берилген документтер жана маалыматтар текшерилгенден кийин кабыл алынат.
2026-жылдын 20-сентябрынан кийин түшкөн арыздар каралбайт.
Текшерүүнүн жыйынтыгында акчаны кайтарып берүү укугу тастыкталса, каражат 5-октябрга чейин кайтарылат. Эгер акчаны кайтарууга негиз жок болсо, арыз ээсине баш тартуунун себеби көрсөтүлгөн билдирүү жөнөтүлөт.



