Коом

Асыбекова: Эмдөөдөн өтпөгөн бала сабакка убактылуу киргизилбеши мүмкүн

Мектепте же бала бакчада жугуштуу оору аныкталган учурда эмдөөдөн өтпөгөн бала сабакка убактылуу киргизилбеши мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Бурул Асыкбекова «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мекемеде оору катталган учурда чектөө 21 күнгө чейин созулушу мүмкүн. Мындай чара эмдөөдөн өтпөгөн баланын өзүн коргоо жана инфекциянын андан ары жайылышын алдын алуу үчүн зарыл.

«Ата-энелер кээде баланы мектепке же бала бакчага кабыл албай жатышат деп даттанышат. Бирок ал жерде оору катталса, эмдөө албаган баланы байланыштан коргоо керек», — деп түшүндүрдү ал.

Асыкбекованын айтымында, эмдөөдөн өтпөгөн адам жуктуруп алган учурда инфекцияны башка балдарга жана чоңдорго да жайылтышы мүмкүн.

Тектеш кабарлар

Back to top button