Дүйнө
Кытайда катуу жааган жаандан улам 31,5 миңден ашуун адам эвакуацияланды

Кытайдын түштүгүндөгү Хайнань провинциясында нөшөрлөгөн жаандан жана сел коркунучунан улам кооптуу аймактардан 31,5 миңден ашуун адам эвакуацияланды.
Жума күндөн жекшембиге чейин айрым аймактарда 300 ммден ашык жаан жааган. Ваньнин шаарындагы Чанфэн айылында жаандын көлөмү 452,1 ммге жеткен.
Провинцияда селге байланыштуу өзгөчө кырдаалга даярдык деңгээли жогорулатылып, айрым шаарларда мектептерде сабактар убактылуу токтотулду. Куткаруучулар жана атайын техника кооптуу аймактарга жөнөтүлдү.
Жергиликтүү бийлик сел, суу ташкыны жана жер көчкү коркунучуна каршы чараларды күчөтүп, кырдаалга көз салууну улантууда.



