
Аскердик кубаттуулугу боюнча жаңыланган дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан дароо жети позицияга көтөрүлүп, дүйнөдөгү эң мыкты 100 армиянын катарына кирди. Бул тууралуу Global Firepower Index порталы түзгөн Military Strength Ranking 2024 маалыматы далилдейт.
Эгемендүү армиялардын дүйнөлүк рейтинги 145 өлкө үчүн 50дөн ашык көрсөткүчтөр боюнча эсептелинет: өлкөнүн географиялык жайгашуусунан, аскерлеринин, офицерлеринин, запастагылардын расмий санынан, аскердик техникасынан жана энергетикалык көз карандысыздыгына чейин.
2023-жылы Кыргызстан аскердик күч рейтингинде 107-орунду ээлеген. Быйылкы тизмеде Кыргыз Республикасы жети тепкичке көтөрүлүп, 100-орунда турат: Латвия менен Зимбабвенин ортосунда.
Рейтинг түзүүчүлөрдүн айтымында, Казакстандын куралдуу күчтөрү Борбор Азиядагы эң мыкты армия деп таанылды. Ал 58-орун. Өзбекстан 65-орунда, Түркмөнстан 80-орунда. Тажикстан аймактагы эң алсыз армияга ээ. Ал рейтингде 107-орунда турат.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын кошуналарынын арасында бир топ күчтүү армия бар. Кытайдын куралдуу күчтөрү дүйнөдөгү кубаттуулугу боюнча үчүнчү орунда турат. Түзүүчүлөр рейтингде үчүнчү орунду Орусияга калтырышты. Америка Кошмо Штаттары эң күчтүү армияга ээ. Бутан дүйнөдөгү эң начар куралдуу күчтөргө ээ – өлкө 145-орунда.



