Окуялар

Алайда бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан 38 жаштагы жарандын сөөгү табылды

Алай районунда 2023-жылдын 19-декабрынан бери дайынсыз болуп жаткан жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, Жаңы-Алай айылынын 38 жаштагы тургуну дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат 102 кызматына 21-декабрда түшкөн.

Издөө иштеринин жүрушүндө 17-январда болжол менен саат 12:24тө аталган жарандын сөөгү табылган. Издөө иштерин улантууга 4 куткаруучу, эки милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button