Ветеринар, фермерлер акысыз окутулат. Кайда кайрылуу керек?

Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти «Малды жасалма жол менен уруктандыруу» деген темада акысыз окуу-семинар өткөрөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Мекемеден маалымдашкандай, семинар райондордогу техник-уруктандыруучулардын билим деңгээлин жогорулатуу жана иштебей турган жасалма уруктандыруу пунктуларын жандандыруу максатында уюштурулат.
Окутуу Чүй облусунун Сокулук районундагы Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун биотехнология лабораториясынын базасында өтөт.
«Семинарга ветеринарлар жана фермерлер катыша алат. Окутуунун жыйынтыгында атайын тест берилет, тесттен өткөн фермерлерге сертификаттар тапшырылат», — дешти министрликтен.
Катышуу үчүн билдирмелер 30-январга чейин кабыл алынат.
Сурап-билүү телефондору: 0312-65-53-27, 0550050859, 0551148157.



