Коом

Депутат: “Керемет” банк эмне үчүн Министрлер кабинетине сатылып жатат?

Бул суроону Дастан Бекешев Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевге узатты. 

Буга чейин өкмөттүн “Керемет” банкты 7,1 млрд сомго сатып алууну көздөп жатканы маалым болгон. 

“Банкты өкмөткө өткөрүп берүүнү туура деп ойлоп жатабыз. Министрлер кабинетинин депутаттар менен биргеликте карап жаткан көптөгөн максаттары бар, бул максаттар “Керемет” банк өкмөткө өтсө ишке ашышы мүмкүн”, — деди Бөкөнтаев өз жообунда. 

Ал ошондой эле эки жылда бул банктын активи жакшыртылганын, учурда сунушталган баадан кымбат турарын кошумчалады. 

«Керемет» банкты өкмөткө сатуу мыйзам долбоору эми Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралат. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button