Окуялар

Балыкчыда соода борборунан спирт ичимдигин уурдаганга шектелип УКТнын мүчөсү кармалды

8-январь күнү Балыкчы ШИИБге шаардын соода борборлорунун биринин өкүлү кайрылып, белгисиз жаран баасы 2700 сомду түзгөн «Jack Daniels» спирт ичимдигин уурдап кеткендигин маалымдаган.

Арыз Балыкчы ШИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, шаардык милициянын кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү болгон жаран аныкталып, колго түшүрүлдү. Шектүү жаран Балыкчы шаарынын 33 жаштагы тургуну, мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган, КР ИИМдин ыкчам каттоосунда УКТнын мүчөсү катары турган А.М. болуп чыкты.

Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда, шектүү катары кармалган жаран, өткөн жылдын июль айында, ошол эле соода борборунан ушундай эле уурулук кылгандыгы аныкталган. Бул факты боюнча да кылмыш иши козголду.

Жүргүзүлгөн алгачкы суракта, шектүү эки уурдоо фактысын толугу менен мойнуна алды.

Балыкчы шаарынын сотунун чечими менен шектүүгө карата эч жерге чыкпоо тил катында калтырылды.

Учурда, тергөө амалдары улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button