Коом

Кыргызстанда балдарга карата кылмыштардын саны өсүүдө

2023-жылы Кыргызстанда балдарга карата кылмыштардын саны өстү. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйында билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылы балдарга карата кылмыштар боюнча 1 миң 832 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 679 кылмыш иши балдарга карата зордук-зомбулук фактылары боюнча болгон.

«Аталган кылмыш иштердин ичинен 1 миң 86 кылмыш иши соттук кароого жиберилип, 658и кыскартылган, 206 иштин өндүрүшү убактылуу токтотулуп, ал эми 75 иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button