Коом
Бишкектеги троллейбустардын ордуна электробустар келет

Калаа мэриясы 100 троллейбус менен байланыш түйүнүн Ош шаарына берүүнү көздөп жатат. Бишкектин бийлиги троллейбустарды алмаштыруу — бул шаардын учурдагы талабы болуп жатканын айтты.
Буга чейин троллейбустар эскирип, алардын зымдары шаар көркүн бузуп жатканы сындалган.
Бишкек кытайлык компаниядан 120 электробус сатып алууну көздөөдө. Келишимге кол коюлуп, транспорт 2025-жылдын орто ченинде келери күтүлүүдө.



