Коом

Бишкекте токтоп турган унаанын ичинен акча, телефон уурдаган. Шектүү жаран кармалды

Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Басма сөз кызматынан  билдиришти.

2023-жылдын 31-декабрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге К.А. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда Журналная көчөсүндө токтоп турган «Nissan Almera» үлгүсүндөгү унаасынын ичинен ачкычтарды тандоо жолу менен 50 миң сом суммадагы акча каражатын, ачкычтардын топтомун жана «Редми 9» үлгүсүндөгү 10 миң сомдук уюлдук телефонун жашыруун уурдап кетишкен. Андан соң белгисиз тарапка качышкан.

Аталган факт боюнча Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине ылайык (уурдоо) кылмыш иши козголгон.

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө РИИБдин ыкчам кызматкерлери жана Бишкек шаарынын КИБ бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан 2005-жылы туулган С. Н. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилген жана Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого анын катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Көңүл буруңуздар! Кылмышкердин кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранабыз: 0(707) 71-71-14 же 102.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button