Коом
Өзгөн шаарын айланып өткөн альтернативдүү жол курулуп жатат. Долбоор 2,6 млрд сомго бааланган

Трассанын узундугу 14 чакырым, туурасы 22 метр болот. Анын ичинде 197 жана 77 метрден турган эки көпүрө салынат. Натыйжада Бишкек — Ош каттамындагы айдоочулар Өзгөн шаарына кирбей, тыгын азаят.
Президенттин маалымат кызматы жол мамлекеттик жеке өнөктөштүк менен курулуп жатканын билдирди.



