Коом

Бала бакчалардын 4,5 миң тарбиячысы окутуудан өттү

29-январдан 2-февралга чейин Бишкек жана Ош шаарларындагы бала бакчалардын 4 миң 500дөн ашуун тарбиячысы «Мектепке чейинки билим берүү педагогдорунун кесипкөйлүгүн жакшыртуу» деп аталган тренингден өттү.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, бул окутуу модулу бала бакча тарбиячыларынын квалификациясын жогорулатуу үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк мектепке чейинки билим берүү илиминин жана практикасынын жаңы жетишкендиктерин эске алуу менен иштелип чыккан.

Тренинг Билим берүү министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорунун алкагында уюштурулду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button