Коом

Бишкек — Ош жолунда кооптуу кар көчкүлөр түшүрүлдү

Ош — Бишкек жолунда кооптуу кар көчкүлөр түшүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөч кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 247 (Көчкүлүү булак тилкеси), 255 (Пельменный тилкеси) жана 250 (кызыл-Жар тилкеси) чакырымдарында кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иштери жүргүзүлдү. Жалпы 23 миң 230м3 кар көчкү түшкөн.

Бүгүн, 9-февралда ошол эле аймактарда ,Чычкан капчыгайынан Ала-Бел ашуусуна чейинки аралыкта атып түшүрүү иштери улантылат.

Белгилей кетсек, ӨКМдин адистеринин ИИМдин жана Коргоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшурүү иштери 8-февралынан 12- февралга чейин Бишкек – Ош унаа жолунун 132-135 жана 198-255- чакырымында жүргүзүлөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button