Депутат Надира Нарматова “Кактус медиа” сайты тараткан маалымат чындыкка дал келбесин айтты
“Кактус медиа” сайты аркылуу 8-февраль күнү расмий түрдө юрист Таттыбү Эргешбаеванын Жогорку Кеңештин төрагасы «НКОлор жөнүндө мыйзамдын долбоору кайрадан Конституциялык саясат жана сот укуктары боюнча комитетке кайрадан иштеп чыгууга жөнөттү»- деп тараткан маалыматы негизсиз,жалган маалымат жана чындыкка жатпайт, — деп билдирди депутат Надира Нарматова.
Анын айтымында, мыйзамдын долбоору регламентте белгиленген талаптарга ылайык экинчи окуудан депутаттардан түшкөн сын сунуштардын негизинде комитеттин отурумунда каралып, өзгөртүү,толуктоолор менен иштелип чыккан.
» Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамдын долбоору экинчи окуудан Конституциялык комитеттен өткөн боюнча турат.
Жогорку Кеңештин күн тартибине 07.02.күнгө киргизилген. Мыйзамдын негизги демилгечиси депутат Нарматова Надира Азимовна Кабинет Министринин Премьер Министри Акылбек Үсөнбекович Жапаров менен бирдикте Ош облусунун Ноокат районунда бүткөрүлгөн мектептерди ачуу аземдерине катышуу үчүн расмий иш сапарынын кеткендигине байланыштуу күн тартибине алынып, кийинкиге жылдырылган.
Андыктан “Кактус медия” жана Таттыбү Эргешбаеванын коомчулука тараткан маалыматы кезектеги уюштурган кутумчулугу ( шантажы) жана чындыка дал келбейт, — деп билдирди депутат Надира Нарматова.