Коом

Эмдөө алган эмес. Жугуштуу оорулар ооруканасында 5 жаштагы бала көз жумду

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 5 жаштагы бала каза болду. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы туулган А.А. 23-август күнү саат 21:17 чамасында Токмоктогу ооруканадан Бишкек шаарына жеткирилген.

«Бала профилактикалык эмдөөлөрдү төрөт үйүндө гана алган, ата-энеси башка вакциналардан баш тартышкан. Апасы билдиргендей, 10 күн мурун бала сол буту менен мык басып алган. Кийин дене табы көтөрүлүп, жутуу кыйындаган. Республикалык клиникалык ооруканага селейме диагнозу менен жеткирилген. Анын абалы өтө оор болчу. Жүргүзүлгөн дарылоо жана Тез жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан, бала каза болгон», — деп билдиришти министрликтин басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button