Коом

Бишкекте балдар ооруканасында Гемодиализ борбору курулат

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул тууралуу 9-февралда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Кувейттин “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчилигинин төрагасы Мухаммад Абдурахман Аль-Шаянын жолугушуу учурунда маалым болду.

Алымкадыр Бейшеналиев менен Мухаммад Абдурахман Аль-Шая жолугушуунун алкагында Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барды. Алар ооруканын жетекчилиги менен биргеликте борбордун аймагындагы курулушу бүтө элек имараттарды карап чыгышты. 11268 чарчы метр аянттан турган 3 кабаттуу имарат 1995-жылдан бери 30 жылдай бүтпөй келет.

Текшерүү учурунда министр Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борбору үчүнчү даражадагы саламаттык сактоо уюму болуп саналарын белгиледи. «Республиканын бардык аймактарынан жүздөгөн балдар Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна дарылануу үчүн кайрылышат жана жаңы курулуштун аркасында балдарга көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын мындан ары жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт», — деп баса белгиледи министр.

Ал ошондой эле имарат курулуп бүтсө, Гемодиализ борборунан тышкары бул имаратка эндокринология, нефрология жана башка бөлүмдөрдү жайгаштырууга мүмкүн болорун кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Мухаммад Абдурахман Аль-Шая мырза алардын фонду курулуш иштерин жана борборду заманбап жабдуулар менен жабдууну каржылай турганын билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button