Коом
Ысык-Көлдө мыйзамсыз бактарды кыюу фактылары аныкталды

Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылышка аяр мамиле кылуу жана экологиялык коопсуздукту сактоо боюнча күн сайын атайын иш-чаралар турмушка ашырылып келет.
Жакында, аталган кызматтын кызматкерлери Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунун аймактарында мыйзамсыз бак-дарактарды кыюунун 5 фактысын аныктап, кыйылган 47 даана Тянь-Шань карагайын жана 3 даана теректи табышкан.

Бардык аныкталган фактылар райондук ички иштер бөлүмдөрүндө катталып, келтирилген материалдык чыгымды аныктоо үчүн материалдар тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилди.
Учурда текшерүү иштери уланууда, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматынан.





