Коом

«Манас» аэропортунун жолунда 20 жаштагы айдоочу атайылап инспекторду сүзүп качты

Окуя кечээ түнү болгон. Патрулдук милицияга жолдо мыйзамсыз автожарыш жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. 

Алар “беханы” токтотушкан. Айдоочу окуя болгон жерден качып бара жатып инспекторду сүзүп алганын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди. Тартип сакчы учурда ооруканада жатат.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 20 жаштагы айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Машинасы айып короого киргизилди. Ошондой эле шектүүгө автобейбаштык үчүн 15 миң сом айып салынган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button