Коом

Кыргызстан чет өлкөдөн 15 миллион көчөт сатып алды

Көчөт өстүргөн чарбалар ушул жылдын жазгы сезонуна карата 3 миллион 316 миң 120 түп көчөт даярдады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.

Мекеме билдиргендей, 2023-жылдын жыйынтыгы менен республикага 15 миллион 285 миң 384 түп көчөт импорттолгон. Анын ичинен:

мөмө-жемиш көчөттөрү – 6 780 390 түп;

декоративдик бак-дарактардын көчөттөрү – 2 879 196 түп;

гүлдүн көчөттөрү – 5 625 795 түп.

Бул убакыт аралыгында өлкөдөн экспорттолгон көчөттөрдүн жалпы саны 3 миллион 654 миң 912 түптү түздү.

мөмө-жемиш көчөттөрү – 990 666 түп;

декоративдик бак-дарактардын көчөттөрү – 993 868 түп;

гүлдүн көчөттөрү – 1 миллион 670 378 түп.

Министрликтен белгилешкендей, бүгүнкү күндө өлкөдө көчөт өстүргөн 100гө чукул жеке менчик питомник бар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button