Саясат

Сыймык Жапыкеев Финполдун төрагасы болуп дайындалды

Сыймык Жапыкеев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Финпол) төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Аталган буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон. Буга чейин бул кызматты Бакир Таиров башкарчу.

Сыймык Жапыкеев 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Чоң-Казат» партиясы менен катышкан. Ага чейин аткаминерлердин коррупциялык иштери тууралуу айтып, митингдерде активдүү катышып элге таанылган. Мурда прокуратура органында иштеген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button