Коом
Кыргызстандык 8 дарыгер Түркияга жөнөп кетти

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун 8 дарыгеринен турган топ Түркияга жетти.
Алар Малатья шаарындагы университеттин клиникасында чучукту алмаштыруу боюнча окуудан өтөт. Бул клиника органдарды трансплантациялоо боюнча дүйнөдөгү эң мыкты беш клиниканын бири.



