Коом

ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери турнирден утуп алган байгесине балдар борборуна кайрымдуулук жардам көрсөтүштү

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын түзүлгөндүгүнүн 58 жылдыгына карата Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмүндө кичи футбол боюнча турнир өткөрүлүп, жеңүүчү курама командасынын өздүк курамы баш байгеси акчалай сыйлыктарын кайрымдуулук жасап, Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү департаментинин “Акниет” турмуштун оор кырдаалында турган балдар үчүн борбору” муниципалдык мекемесине жардам көрсөтүштү.
 
Балдар борборуна атайын торт даярдалып, түшкү тамактануу уюштурулду. Кайрымдуулук көрсөтүүнү милиция кызматкерлери өздөрү демилге көтөрүшкөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button