Коом

Ысык-Көлдө жаңы жол белгилери орнотулду

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду туристтик жайларга жол белгилерин коюуну улантууда.

Фонддун басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул жолу Ысык-Көл облусунун Түп районунда жаңы белгилер орнотулду.

Алар эл арасында «Темирландын таштары» деп аталган Сан-Таш комплексине багыттайт. Аралыгы тоо көлү Көл-Төргө чейин, Аксы районунан Жергез капчыгайына чейинки аралыкты көрсөтөт. Жети-Өгүз району үчүн да көрсөткүчтөр даярдалды. Алар Жууку, Кызыл-Жар капчыгайларын жана Чоң-Кызыл-Суу ысык булактарын көрсөтүп турат. Бул жердеги белгилер жол иштери аяктагандан кийин орнотулат.

Ысык-Көл инфонавигация боюнча долбоордун алкагында туристтик белгилерди орноткон үчүнчү облусу. Буга чейин Нарын жана Чүй облустарынын жолдоруна белгилер коюлган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button