Маданият
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде орусиялык «Корни» тобу ырдайт

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде орусиялык «Корни» тобу өнөр көрсөтөт. Азем 31-августта «Бишкек Аренада» өтөт.
Топтун чыгармачыл жамааты көрүүчүлөргө кайрылып, Кыргызстанга келе турганын жарыялады.
Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришкендей, ачылыш аземинде «Корни» тобунан тышкары шоу-бизнестин башка жылдыздары да чыгат.
Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн белгилүү өнөрпоздорунун катышуусу күтүлүүдө. Алардын ысымдары кийинчерээк жарыяланат.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билеттер сатыкка чыкты. Алардын баасы секторуна жана орунга жараша 5 миңден 9 миң сомго чейин. Билеттерди ticket.gov.kg расмий сайтынан сатып алууга болот.



