Коом

УКМК: Ошто мыйзамсыз кумар оюндары өткөрүлгөн мекемелер аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай,  УКМК  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте аймактагы кумар оюндарын мыйзамсыз уюштурууну аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында,  Ош шаарынын бильярд клубунун ичинде жана базардын аймагында тиешелүү лицензиясы жок кумар оюндарын мыйзамсыз жүргүзгөн мекемелерди,  тактап айтканда, лотерея оюндары уюштурулгандыгын аныктады.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 2024-жылдын 29-февралында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде кумар оюндарын уюштуруучулары А.у.А. жана У.K.A. кармалып, аталган жайлар мөөр басылып жабылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button