Коом

УКМК: Аскер прокуратурасы менен бирге пара алып жаткан жеринен аскер комиссариатынын офицери кармады

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, үстүбүздөгү жылдын 11-майында КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК КР Аскер прокуратурасы менен биргеликте пара алып жаткан учурда аскер комиссариатынын кызматкери А.Р.ны  кармады.

Аталган жарандын кызмат өтөгөн жеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жыйынтыгында, акча каражаттары жана аскерге милдеттүүлөр үчүн колдонулган гербдүү мөөр басылган бош бланктар табылды.

Аталган А.Р. тергөө жүрүп жаткан мезгилде тергөө абагына киргизилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button