Коом

УКМК: Өзгөн районундагы жарым миллиард сомдук 5 гектар базар мамлекетке кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан  сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жана тергөө амалдары жүргүзүлүп, натыйжада Ош облусунун Өзгөн районунда  иштеп жаткан базардын 5 гектар жер тилкеси жана 1000 чарчы метр административдик имараты менен бирге, ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды.

Аталган объекттинин  базар баасы 470 млн.сомду түзөт.

Базар жер участогун мамлекетке ыктыярдуу өткөрүп берүүгө байланыштуу иш токтотулган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button